Куралдуу Күчтөр жетекчисинин эки орун басары кызматтан бошотулду

Куралдуу Күчтөр жетекчисинин эки орун басары кызматтан бошотулду

Нурбек Дүйшөналиев

Куралдуу Күчтөр жетекчисинин эки орун басары кызматтан бошотулду

Кубанычбек Орозматов

Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын командачысы Сооронбай Жээнбеков  Куралдуу Күчтөрдүн начальнигинин эки орун басарын, бүгүн, 1-декабрда, кызматтан бошотту.

Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Нурбек Дүйшеналиев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду.

Кубанычбек Орозматов КР Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын начальнигинин биринчи орун басары кызматынан бошотулду.

Аталган полковниктерди кызматтан бошотуунун себептери Жарлыкта айтылган жок.

Айта кетсек, Нурбек Дүйшөналиев бул кызматка 2015-жылы, Кубанычбек Орозматов 2016-жылы дайындалган.

 

Сүрөттөр: КР Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабынын сайтынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты