СПИД дарты менен күрөшүү күнү

Бүгүн, 1-декабрь, СПИД менен, кыргызча айтканда,  адамдын иммундук жагынан жетишсиздиги дарты менен күрөшүүнүн эл аралык күнү.

СПИД дарты менен күрөшүү күнү

СПИД  менен күрөшүүнүн күнү белгилене баштагандан бери 30 жыл өттү. Дүйнөдө быйыл бул күн  «ВИЧ статусуңду бил!» #ЗнайсвойВИЧстатус   аттуу ураан алдында өтүп жатат.

СПИД менен күрөшүү республикалык борборунан билдиргендей, бүгүн, 1-декабрда   Бишкекте “Дордой Плаза-2” жана “Фрунзе” гипермаркетинде (Горький көчөсү1/2а)  ВИЧке тест тапшыруу акциясы жүрүп жатат.

Ошондой эле бул күнгө тушташ Бишкекте сергек жашоого чакырган  велосипед менен жарышуу акциясы болуп өттү.

Дүйнө жүзү боюнча 37 млн адам ВИЧ дарты менен жашап жатат.

Республикалык СПИД борборунун билдирүүсүңө караганда, Кыргызстанда расмий түрдө 8579 ВИЧ-инфекцияны алып жүрүүчүлөр катталган.  Кыргызстанда жыныстык жол менен СПИД жугузгандар 63,5 %ды түзөт. Ал эми 10 жыл мурун эле дартты мындай жугузуу 28% ды  түзгөн.

2018-жылдын 9 айында 605 ВИЧ жугузган адам аныкталган.

ВИЧ-же б.а.  адамдагы вирустук иммунодефицитти аныктоо боюнча тесттен өтүүнүн бир кыйла артыкчылыктары бар. Ал дарттын алдын-алууга, эгер ВИЧ болсоң, аны дарылоого,  айыктырууга шарт  түзөт.

2017-жылы дүйнөдө 9,4 млн  адам ВИЧ дарты менен жашап жүргөнүн билишкен эмес.  Ал дартты аныктоо боюнча тесттен өтүүдөн белгилүү болгон.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты