Жеңил кылмыш үчүн соттобой, социалдык жаза колдонула баштайт

2019-жылдын 1-январынан тартып КР Жазык-процесстик кодексинин талаптары боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин киргизилиши каралган.

Жеңил  кылмыш үчүн соттобой, социалдык жаза колдонула баштайт

Жазаны жеңилдетүү жагы каралууда

Коомчулукта көптөн бери жеңил кылмыш жасагандар, мисалы тоок уурадагандар, бир далай жылга эркинен ажыратылып кеткендиги ылакап болуп айтылып келатат. Ошондон улам  жаза берүү тартибине өзгөртүү киргизүү жагы каралууда.

“Пробация системасы ишке ашырылса, анда анча оор эмес кылмыш жасагандарды эркиндигинен ажыратпастан социалдык ыкмалар менен коомчулукка кайтарууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле жаңы кодекстер менен мыйзамдар сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууда да олуттуу укуктук өзгөртүүлөрдү камтыйт, — деди эксперттик жумушчу топтун жетекчиси Алмамбет Салиев.

Бул тууралуу 30-ноябрда өткөн Сот-укук иш-чараларына  мониторинг жүргүзүү боюнча эксперттик жумушчу топтун мүчөлөрү жана мамлекеттик орган жетекчилери катышкан  жыйында сөз болду.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты