Кооптуу аймактарда жашап жатышат

Ош облусундагы кооптуу аймактарда жашап жаткандардын көйгөйүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жеринде талкуулады.

Кооптуу аймактарда жашап жатышат

Кооптуу аймактарда.

“Гидрометеорология боюнча агенттиктин маалыматына караганда, быйылкы жылы кардын калын жаашы жана дарыялардагы суулардын көтөрүлүшү күтүлөт.

Ошондуктан өзгөчө кырдаалдар боюнча иш-чараларды күчөтүшүбүз керек. Ал эми кооптуу аймакта жашаган жарандарды көчүрүү боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүү жаатында иш алып барып, элге түшүндүрүү иштерин күчөтүп, кооптуу мезгилде элди убактылуу болсо дагы коопсуз жайга көчүрүү зарыл” –деди Өзгөчө кырдаалдар министри Мирзахмедов.

1994-жылдан 2018-жылдын бүгүнкү күнгө чейин Ош облусунда кооптуу аймактардан көчүрүлүүгө тийиш 2671 үй-бүлө аныкталса, алардын ичинен 1168 үй-бүлө мамлекеттен жардам жана жер тилкелерин ала элек болуп, кооптуу аймакта жашоосун улантып келет.

Ал эми 1503 үй-бүлө мамлекет тарабынан жардам жана жер тилкелерин алгандыгына карабастан, кооптуу аймакта жашоосун улантып келе жатышат.

Жыйынга Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамадов, райондук мамлекеттик администрация башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөт башчылары катышшты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты