Бүгүн- Рейна Чокоеванын юбилейлик кечеси өтөт

Бүгүн- Рейна Чокоеванын юбилейлик кечеси өтөтАйтылуу балерина Рейна Чокоеванын 80 жылдыгы бүгүн, 30-ноябрда,  Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында саат 18. 30 да белгиленет.  

Ленинграддагы хореографиялык окуу жайды аяктаганлан кийин, Рейна Чокоева 1956-жылы Фрунзе театрында, азыркы  Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында эмгектене баштаган.

Рейна Чокоева кыргыз балетин Куба, Италия, Сирия, Канада, Румыния, Германия, Чехословакия, Швеция, Дания, Монголия ж.б. мамлекеттерде даңазалап келди.

 Айтылуу балерина  1985-жылдан Луначарский атындагы айтылуу ГИТИС театралдык институтунан окуп, педагог-балетемейстр катары эмгектенген. 2008-жылдан баштап Бишкек хореографияляк окуу жайынын директору болгон.

Молдобасановдун “Саманчынын жолунда” Толгонайдын, Раухергердин “Чолпон” балетинде Чолпондун жана башка көрүнүктүү партияларды ойногон.

Кыргыз эл артисти, Россиянын эл артисти, театр искусствосу боюнча СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, III даражадагы “Манас” ордени жана башка сыйлыктар менен сыйланган.

Рейна Чокоеа СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин жесири.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты