Жээнбеков Грузия президенти Зурабишвилини куттуктады

Жээнбеков Грузия президенти Зурабишвилини куттуктады

Грузиянын жаңы Президенти Саломе Зурабишвили

Президент Сооронбай Жээнбеков Грузиянын жаңы шайланган Президенти Саломе Зурабишвилини шайлоодогу жеңиши менен бүгүн, 30—ноябрда куттуктады.

«Сиздин тажрыйбаңыз Грузиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп- өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем.

Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы достук жана өз ара кызматташтык Сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектемин.

Сизге бекем ден-соолук жана бакубаттык, ал эми достук мамиледеги Грузия элине тынчтык жана өнүгүү каалайм», — деп айтылат Куттуктоосунда.

Сүрөт: © Sputnik / Александр Имедашвили

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты