Кыргызстандыктар үчүн Шенген визасы жеңилдейт

Кыргызстандыктар үчүн Шенген визасы жеңилдейт“Евробиримдик визалык жаңы кодекс даярдап жатат, ал айрым татаал бюрократиялык  процесстерди жеңилдетет” деп билдирди  журналисттерге Европа бирлиги жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан.      

Анын айтуусу боюнча бул чара адамдардын өз ара катышын активдештирүүгө жардам берет. Бирок Евробиримдикте легалсыз жүргөн мигранттардын  визалык жана визасыз мамилелер маселеси дагы эле маселе жаратууда.

“Визасыз режим—абдан маанилүү. Кыргызстан бул маселеге ийкем мамиле кылганы кубанарлык. Биз да сиздердин жаштардын Европага саякатташына жол ачуу жоопкерчилигин сезип турабыз. Биз бул тууралуу жаңы келишимдерде айтып жатабыз. Эл арасындагы байланыш өз ара түшүнүшүү үчүн, сиздердин баалуулуктарды билиш үчүн керек” деди ал.

“Сиздердин жаштар, бизнесмен, окумуштуулар, эгер Европаны көргүсү келсе, визалык тартипти жакшыртуу үчүн биз кам көрүп жатабыз”деди Буриан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты