Олжас Сулейменов: «Айтматов устатым жана досум болчу»

Олжас Сулейменов: "Айтматов устатым жана досум болчу"

Сулейменовго сыйлык Санкт-Петербургда тапшырылды

Жогорку Кеңештин  Айтматов атындагы эл аралык сыйлыгы Казакстандын эл акыны Олжас Сулейменовго ыйгарылды. 

Санкт-Петербург шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйыны өтүуп жаткан учурда кечээ, 29-ноябрда, КР Жогорку Кеңеши тарабынан берилүүчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык казак эл акыны, жазуучу Олжас Сулейменовго ыйгарылды. .

Сыйлыкты ЖК төрага орун басары Асел Кодуранова  тапшырды.

Олжас Сулейменов  «Чыңгыз Айтматов менин устатым жана досум эле. Ал бир гана жазуучу эмес, көрөгөч, даанышман болчу. Ушундай улуу адамдын атындагы сыйлыкка ээ болуу мен үчүн чоң сыймык»,-деп белгиледи.

2012-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан негизделген улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык адабият жаатында ийгилик жараткан инсандарга ыйгарылат. Кыргызстандан бул сыйлыкка эл акыны Шайлообек Дүйшеев ээ болгон.

Ал эми былтыркы жылы сыйлыкка тапшырылуучу 30 миң доллар каражатты ЖК кызматкери Арсен Закиров кымырып алды деп, иши сотко өткөн. Ал эми экс-депутат Аскарбек Шадиевге да бул сыйлык боюнча айып тагылып, Шадиев качып кеткен.

Закиров катып алды деген каражатты кайтарып бергендиги жарычя болгон.

Сүрөтү: ЖК басма сөз кызматы  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты