Шамшиевдин машинасын уурдоого шектүүлөр кармалды

Шамшиевдин машинасын уурдоого шектүүлөр кармалды

Мнрседес ушундай абалда табылган.

Айтылуу кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Мерседесин” өрттөөгө шектелип экөө кармалды.

Бишкек ИИБ басма сөз кызматы билдиргендей, 24 жаштагы Ш.К. жана 25 жаштагы Л.Ю. аттуу жарандар шектүү катары кармалган.

Ушул жылдын 8 нен 9-ноябрга караган түнү режиссердун үйүнүн короосунда токтоп турган “Мерседес Бенц Е230”  унаасы уурдалган.

Машина эртеси  Ысык-Атадагы Милянфан айылында табылган, бирок унааны  өрттөп салышкан.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат. Шектүүлөр милициянын убактылуу кармоочу жайына жаткырылган.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты