Бүгүн аба ырайы кандай болот?

Бүгүн аба ырайы кандай болот?Бүгүн, 30-ноябрда, абанын температурасы:

  • Чүй, Талас өрөөндөрүндө — түнкүсүн  -10 чейин…-15, күндүз -2…-7 чейин;
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында — түнкүсүн -1…-6 чейин, еүндүз  0…+5 чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8 чейин, күндүз  -3…+2 чейин;
  • Ысык-Көлдө — түнкүсүн -5…-10 чейин, күндүз -3…+2;
  • Нарын облусунун дыйканчылык райондорунда -13…-18 чейин, күндүз 0…-5 чейин;
  • Бийик тоолуу жерде жана Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн  -19…-24, чейин күндүз -8…-13 чейин.

30-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Бүгүн күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт,

Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

1-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына 4-9 метрден, айрым жерлерде 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

2-4-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 2-декабрда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты