Өзгөндө да эл кооптуу жерден көчпөй жатат

Өзгөндө да эл кооптуу жерден көчпөй  жатат

Өзгөндө былтыр 29-апрелде көчкү жүргөн кезде.

Өзгөн районунда жер көчкү коркунучу бар аймакта 1888 үй-бүлө көчүрүүлүгө сунушталган. Алардын 901 үй-бүло жер тилкесин алышкан жана мамлекеттен жардам алышкан, бирок кооптуу айматан көчүп кете элек.  

 987 үй-бүлө жер тилкелерин ала элек.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусунун кооптуу аймактарында жашаган калк менен 29-ноябрда жолугушту.

 “Бул кооптуу аймакка келгенимидин себеби, коопсуз жайга көчүрүүдө кандай мүчүлүштүктөр бар, кандай жагдайлар көчүрүү маселесин кечеңдеттирип жатат, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте тиешелүү чечимдерди кабыл алуу болуп саналат”, — деди министр.
Андан соң министр Кайрат, Ынтымак, Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылындагы кооптуу жер тилкелеринде жашап жаткан эл менен жолугуп, алдын алуу иш-аракеттерин жеринен көзөмөлдөмөкчү.

Сузакта өткөң жылы 29-апрелде көчкү жүрүп, 28 кишини басып калган, анын 8 и каза тапкан.

Бул күндөрү Сузакта да сел коопсуздугу бар жерлерде  963 үй-бүлө жашап жатат, анын ичинен 627 үй-бүлө  жер которууга ссуда жана жер тилкесин алышкан, бирок кооптуу аймактан  көчүп кете элек.   336 үй-бүлөгө жер тилкесин бериле элек.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты