Баткен прокурорунун өлүмү: Жаңы жагдайлар

Баткен прокурорунун өлүмү: Жаңы жагдайлар

Прокурорду өлтүрүүгө шектелген Калыков.

Прокурорду өлтүрүп кеткен 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү  Баткен прокурорлору жана шектүү Мелис Калыковдон тышкары, алар менен аңчылыкта мурда аты айтылбай келген дагы бир киши болгону ачыкталды.

Аңчылыкка прокурорлор менен кошо дагы бирөө болгонун  ИИМдин тергөө кызматынын төрага орун басары Нурлан Утемисов пресс-конференцияда билдирди. Ал арак-шарап заводунун Бишкектеги филиалынын төрагасы Эрнис Базарбек уулу болуп чыккан.

Күч структуралары Калыков кокусунан өлтүрүп алган дешти 

Шектүү Мелис Калыков прокурорду кокусунан башка атып жана тамеки тартуудан улам кокусунан сөөгүн күйгүзүл алганын ИИМ, Баш прокуратура өкүддөрү пресс-конференцияда билдирди.

Алардын айтуусу боюнча Мелис Калыков күнөөнү мойнуна алган. Өлтүрүүнүн негизги себеби болуп, ал жетектеген капиталдык курулуш башкармалыгын байма-бай текшерүү жана Калыковдун өзүнө салынган жана ал төлөгөн айып пулдун кесепети болгон деп эсептелүүдө.

Тергөөдө Калыковдун прокурорду өлтүрүүгө тийиштиги бар экендигинин бардык далилдери жыйналганы айтылды.

“Тергөөнүн алкагында бардык иш-аракеттер жүргүзүлдү, ошондой эле кылмыш куралы алынып, бир катар экспертизалар жүргүзүлдү. Учурда ишти ар тараптуу иликтөө жүрүүдө. Буга чейин аталган кылмышка прокурорлордун тиешеси бар экендиги тууралуу маалыматтар жарыяланган, бул маалымат азыр текшерилип жатат”, — деди Утемисов.

Шектүүнүн эжеси  Президентке кайрылуу жолдоду

Кылмышка шектелгендин эжеси  мурда айтылбай келген бир киши болгонун буга чейин айтып Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

“Ал жерде дагы бир адам болгон. Ал жигиттин аты Эрнис, ал «Аюу-Холдинг» арак-шарап компаниясынын өкүлү. Ал Баткен райондук прокурорунун жакын досу экен. Баткен районунун прокурорунун жакын досу мергенчиликке бир чоң куту «Level» арагын алып барган.

Андан ары шектүүнүн эжеси Кайрылуу катында мындай дейт:

“Элдер мына буларды көрүшкөн: Менин иним мергенчиликтен Турмаматов көчөсү менен кайтып келатканда, Баткен районунун прокурору Калыбеков анын жолун өзүнүн кызматтык автоунасы менен тороп, токтоткон. Ал келип машинада шефтин (Мамажакыповдун) устукандары жана буюмдары калып калыптыр деп багаждан дагы бир нерселерди алган.

Андан ары ал менин иниме дагы арак ичүүнү сунуштап, ичишкен. Андан кийин прокурор Калыбеков кетип баратып “Лексустун” ачкычын ала кеткен. Менин иним машинанын эшигин ачык таштап калтырып, келинчегине чалып үйүнө кеткен. анан ошол эле прокуратуранын кызматкерлери артынан келип аны кармашкан

24-ноябрда Баткен ИИБ башчысынын орун басары Усанов Арстан маалымат жыйынындапрокурор Калыбеков ИИБге чалып Турмаматов көчөсүндө “Лексус” автаунаасын көргөндүгүн билдирген. Андан кийин милиция кызматкерлери “Лексустан” кан болгон бычакты, окторду табышкан жана “Лексустун” кан болгон эшигин көрүшкөн.

Ушул себептүү чоң маселе жаралат: Эмне үчүн райондун прокурору Калыбеков Лексус автоунаасынын ачкычын алып кетет? Эмне максат менен? Ал эмне үчүн менин инимди издеген, ал убакта баары өлтүрүлгөн прокурорду издеп жатышкан болсо?

Өлтүрүлгөн прокурор Мамажакыповду биринчи болуп Санжар түндө көрүүчү жабдуусу аркылуу таап, милицияга билдирген. Муну Баткендин эли айтып жүрүшөт.

Прокурор Санжар ал жакта өлтүрүлгөн  прокурордун сөөгү жаткандыгын кайдан билген? Эмнегедир ИИБ башчысынын орун басары Усанов Арстан маалымат жыйынында каза тапкан прокурордун сөөгүн  милиционерлер табышты деп айтат, бирок элдин баары андай эмес экендигин билишет. Анткени кызматкерлердин баары Баткендин тургундары.

Ошондой эле, прокурор Санжар эртең менен прокурорлордун мергенчиликке кетип жатышкандарын көргөн, ошондуктан бул иште күбө болуп саналат. Андан сырткары, прокурор Санжар сот жараянында мамлекеттик айыптоочу болгон жана менин иниме бөгөт чарасын көрүү чечимин кабыл алган.

Ушундан кийин ким тергөөнүн калыстыгына жана мыйзамдуулугуна кепил боло алат? Ошол эле прокурорлордун кесиптештери бул кылмышты иликтеп жатпайбы.

Эмне үчүн менин иним негизги шектүү? Анткени мергенчиликте болгон бардык прокурорлор менин инимди өлгөн Мамажакыпов менен мушташкан деп жатышат. Бирок, эмнегедир алар мушташтан кийин өлтүрүлгөн кишини менин иним менен бирге жиберишкен!

Бул жерде кимдин колунда бийлик болсо, чындык ошонуку болуп жатат. Бул жагдайды менин иним жалгыз болуп калып жатат, ал эми ага каршы 5 прокурор көрсөтмө берип жатат. Тергөө кимге ишенет — менин инимеби же 5 күбө болгон прокуроргобу?

Өлтүрүлгөн прокурор Баткенде болгону 5 ай иштеген, ал эми кызматтан четтетилген прокурорлор жана алардын ордуна келгендер көптөн бери иштешет. Бири- бирин жакшы билишет.

Юристтер айткандай, менин инимдин прокурор А. Мамажакыповду өлтүрүүгө мотиви болгон эмес.

Элдер айтып жүргөндөй, мотив облустун прокурору болгусу келип жүргөндөрдө болгон, анткени алар өздөрүнүн кыңыр иштерин шефинен жашырып жүрүшкөн.

Менин иним кыйноо астында мойнуна алгандыгын кыйноонун алдын алуу Улуттук борборунун кызматкерлерине айткан. Дарика Калыкова  С.Ш. Жээнбековго, Спикер Д.А. Жумабековго, Омбудсмен Т.Б. Мамытовго кайрылды.

Азыркы тапта:

Баткен облусунун 6 прокурору ээлеген кызматтарынан бошотулгандыгын Баш прокуратуранын башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев 29-ноябрда басма сөз жыйынында билдирди.

Прокурор учурда ошол күнү мергенчиликке чыгып кеткен Баткен облусунун прокурорлорунун кызматтык иликтөөсү аяктагандыгын белгиледи.

“Прокурордук кызматкердин этикасын одоно бузгандыгы, мергенчиликке чыгып, спирт ичимдигин ичкендиги, мергенчиликтин эрежелерин, ок атуучу куралды сактоо тартибин бузгандыгы, Калыковду мас абалында автотранспортту башкарууга жол бергендиги үчүн Баткен облусунун прокурорунун 2 орун басары, облустун прокуратура бөлүмүнүн эки башчысы, Баткен районунун прокурору жана анын орун басары кызматынан бошотулган” деп айтты Баш прокуратура өкүлү.

Шектүү менен Кыйноолрду алдын-алуу жана Акыйкатчы кызматтарынын өкүлдөрү жолугуп, дооматтарын укту.

Облустун прокурору Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда Баткенде табылган. Анын өлүмүнө шектелип капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган.

Айжан Айтышева

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты