«Коопсуз шаар»: 38 көчөнүн 90 жерине видеокамера орнотулат

"Коопсуз шаар": 38 көчөнүн 90 жерине видеокамера орнотулатУшул деабрь айынан келерки жылдын февраль айына чейин Бишкектин жолдоруна видео камера орнотулат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын аягынан тартып 2019-жылдын февраль айына чейин Бишкекте 28 видео камера орнотула тургандын бүгүн, 29-ноябрда  парламент жыйынында билдирди.  Ал видео камера  жол эрежесин бузган айдоочуларды көрсөтө баштайт.

Ошондой эле жол коопсуздугун камсыздай турган кайгуул милициясын кайра түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

Бороновдун айтымында: 

Өкмөт жол коопсуздугун көзөмөлдөө, жол кырсыгын азайтуу багытындагы “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом караган.

Сынактын жыйынтыгында россиялык “Вега” компаниясы жеӊип чыгып, ал долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду же алдынала болжолдогондон 230 млн сомго арзан түштү.

“Коопсуз шаар” боюнча Жогорку Кеңеште маалымат угулуп жатканда кечээ, 28-ноябрда,   вице-премьер Кубатбек Боронов айткан.

“Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын жол кырсыгы көп катталган 38 көчөнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат.

Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат.Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы.

Ошондой эле, келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотула турганы белгилүү болду.

Акыркы жети жылдан бери бул долбоор ишке ашпай жатканын сынга алган депутат Наталья Никитенко сынга алды,  Кыргызстанда өткөн жылы 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм, каза болгонун.

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты