Алтынга тете жаңгак уюгу жана жыгачы менен кармалды

Алтынга тете жаңгак уюгу жана жыгачы менен кармалды

Жаңгак уюктарын жана жыгачын жүктөп бараткан жаран кармалды.  

Окумуштуулар арасында Кыргызстандын жаңгак токою тууралуу бир уламыш айтылып жүрөт. Ал мындай:

Тээ илгери, Сталиндин убагында ал АКШнын президенти Гарри Трумэнге СССРдин Америкага карызы үчүн Кыргызстандын жаңгак токоюн бер десе, бербей койгон деп айтылат.

Бул чынында эле ошондой болгонбу же андай эмеспи, анын тууралыгын эч ким тастыктай албайт, бирок Кыргызстандын жаңгак токойлору абдан баалуу байлык катары мамлекет тарабынан коргоого алынган.  Ал эми жаңгактын уюгу алтындан да кымбат байлык болуп саналат.

Бирок ага карабай жаңгак багына зыян келтирип, аны кыйып алгандар да кездепей койбойт экен.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда  К.Ш. аттуу жаранды кармады. Анын автоунаасында  жаңгактын уюктары жана кесилген тактайлары болгон.

Ал эми мыйзам боюнча  2030-жылга  чейин баалуу дарактарды (жаңгак, арча) кыюуга, зыян келтирүүгө, ташууга, сатууга жана сатып алууга, буюм жасоого,  аталган бактарды экспорттоого  тыюу салынат.

Райондук прокуратура бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга күрөшүү агенттиги билдирди.

Сүрөт: Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү агенттиги    

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты