Төлөбек Абдырахманов, ректор:  “Экономиканы өнүктүрүүгө кошкон биздин салымыбыз”

Төлөбек Абдырахманов, ректор:  “Экономиканы өнүктүрүүгө кошкон биздин салымыбыз” Бул тууралуу төмөндө ЖОЖ ректору сөз кылат.  

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети ROAD –Административдик өнүгүүнүн аймактык маселелери” аттуу  долбоордун өнөктөшү болуп  калды. Долбоор  ERASMUS+ европалык комиссиянын  программасынын алкагында ишке ашырылат. Координатору Лиссабондогу техникалык университет жана бир катар Европа өлкөлөрүнүн университеттери.  Анын 6 өнөктөшү бар, төртөө  Кыргыз Республикасынан, экөө Түркмөнстандан.
Ар бир өнөктөш университетте өзүн-өзү башкаруу жергиликтүү уюмунун кызматкерлери үчүн окуу борбору уюштурулган, жабдуулар долбоордун каражатына сатып алынат.
Долбоордун максаты—жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу, ачык-айкындыкты, этиканы жана жоопкерчиликти жогорулатуу, өлкөнүн мамлекеттик администрациясындагы өзгөрүүлөрдү колдоо болуп саналат.
Кийинки  кездерде экономикалык өнүгүүнүн салттуу концепциясы өзгөрдү, мында жергиликтүү органдар да өз аймактарынын экономикасын көтөрүүдө чечкиндүү салым кошот.  Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү ролду ойнойт. Жергиликтүү экономикалык өнүгүүнүн стратегиясын иштеп чыгыш керек, бир пикирди камсыз кылып, стратегияны ишке ашырууну колдоп, экономикалык өнүгүү планынын аткарылышына толук жоопкерчиликти алышы керек. Бул долбоор улуттук административдик реформалоонун HONOR улуттук программасынын (2012-2014-ж.ж.)  логикалык уландысы болуп саналат, ал долбоор Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылган.
ROAD  программасынын айырмасы ал региондор аралык болуп, Кыргызстанда эле эмес, Түркмөнстанда да иш алып барат. Мурунку долбоордо Кыргызстандын Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустары, Бишкек шаары кошо камтылып, түштүк аймактарыбыз кирбей калган.  Ал эми бул жолку долбоордо түштүк аймактын Жалал-Абад мамлекеттик университети катышат. Долбоорго К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети жана  Capacity Building Consulting Group аттуу консалтинг компаниясы кирди.  Долбоор эки этап менен жүргүзүлөт, стратегиялык изилдөөлөргө жана иш жүзүнө сын баа берилип, экинчи этабы аны ишке  ашырууга багытталат.
Ушул эле программанын алкагына шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган бир нече окуу программасы иштелип чыгат, анда шаарларды, туристтик борборлорду, шаардык транспорт инфраструктурасын өнүктүрүүгө көңүл бурулат;   мамлекеттик чыгымдарга көзөмөл кылынып, аудит кылып жана баа берүү; мамлекеттик сектордогу башкаруудагы өзгөрүүлөргө, жергиликтүү бийлик бутактарын, туризмди өнүктүрүүгө көңүл бурулат.
Программанын теориясы менен практикасы айкалышып турат. Жогорку окуу жайынын окутуучулары өнөктөш европалык  жогорку окуу жайларынан практикадан өтүшөт, Кыргызстандан бардыгы болуп 96 окутуучу, Түркмөнстандан 48 окутуучу чет өлкөлөрдөн окуп келишет.
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары долбоор боюнча Лиссабондогу техникалык университеттен окуп келишти, Чүй облусунун Орловка, Токмок жана Бишкек шаарларында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мына ушундай эле иштерди Ысык-Көл мамлекеттик университети жана Жалал-Абад мамлекеттик университети да жүргүздү.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты