Зайналиев эми балдарды “даарылоого” өттү

Өзүн “онколог” катары тааныштырган табып Хашим Зайналиев балдарды “даарылоого” өтүп, өз ишин улантууда.  Бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүнүн врач-онкологу  Эмил Макимбетов билдирди.

Зайналиев эми балдарды “даарылоого” өттү

Анын айтымында, табып Зайналиевдин “даарылоосунан” кийин беш жашар кыз оор абалда ооруканага келген:

— Кечээ бизге беш жаштагы кыз Зайналиевдин “даарылоосунан” кийин  оор абалда келген. Ал биринчи жолу “кан рагы” деген диагноз менен Оштон келген эле. Дарыгерлер ооруканага жатууну сунуш кылган. Бирок, ата-энеси химиятерапия жүргүзүүлөрүн билгенден кийин, дарылоодон баш тартышкан.”, — дейт онколог.

Маалыматка ылайык, кыздын жакындарынын айтымында, табып айыктырууга убада берип, бир жумадан ашык дарылаган.

—“Кантип дарылаганы түшүнүксүз, бирок заарада кан пайда болгондо, киндиктин өйдө жагына кандайдыр бир уколдорду сайган. Бул жеткен караңгылык. Башка эмне дээримди билбейм. Азыр ал аябай оор, боор жана көк боор катуу чоңоюп кеткен.

Балким, дагы эле уунун таасири жүрүп жатат.  Кайсыл чөптөрдү же ууларды колдонгону түшүнүксүз. Мындайды дароо токтотуу керек.

Кыздын жакындары милицияга арыз жазуудан баш тартып жатышат. Кызды дарылоо убактысын өткөрүп жиберишти, убагында дарылоону баштаганда толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар эле. Ошондуктан бул башаламандыкты токтотуу керек”, — деди онколог.

Эсиңиздерге сала кетсек, Хашим Зайналиев тууралуу оорулууларынын бири 2016-жылдын күз айларында каза болгондон кийин белгилүү болгон. Ал эмчек  рагы менен ооруган аялды наркозу жок операция кылгандан кийин көз жумган.

Милиция тарабынан “Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу” беренеси боюнча кылмыш-ишин козголгонуна карабастан, иш сотко жеткен эмес. Анткени, каза болгон аялдын жакындары табыпты айыптоодон баш тартышкан.

Зайналиев дарылоонун салттуу эмес ыкмалары менен таанымал. Ал онкологиялык дарт менен күрөшүү үчүн чөп менен уколду жыныстык мүчөгө колдонот.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты