Кыргызстандын көз кубанткан жаныбарлары —Сүрөт баян
- 6 лет мурун
- Мультимедиа
Фотокапкандагы тартылган сүрөттөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда дээрлик бардык жапайы жаныбарлар байыр алгандыгы көрүнүп турат.
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигин кызматкерлери “Илбирс Фонд”, “Миң теке”, Бек тосот” коомдук уюмдары жана ОSl “Pantnera” эл аралык уюмдары менен биргее 2018-жылдын июль айында Ош областынын Чоң-Алай районунун Миң-Теке,Текелик, Шибе аймактарына сүрөт капкандарды орнотушкан.
Жакында мамлекеттик агенттиктин жана “Илбирс Фонд” коомдук уюмунун кызматкерлери жогоруда аты аталган аймактарга орнотулган сүрөт капкандарды алышты.
Тартылган сүрөттөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, улам бул аймакта дээрлик баардык жапайы жаныбарлар байыр алгандыгы көрүнүп турат.
Анткени, буга чейин бул аймактарда жапайы жаныбарларды кездештирүү мүмкүн эмес эле. Муну сүрөт капкандардын жыйынтыгы дагы бир ирет далилдеп турат.
Эгерде мындан 15 жыл мурун Ак илбирс жок болуунун чегинде болсо, ал эми азыр алар кайрылып келишти деп ишенимдүү айта алабыз.
Жогорудагы аймактардагы жапайы жаныбарлар Мамлекеттик агенттик менен коомдук уюмдардын ортосунда түзүлгөн кызматташуу келишиминин алкагында 2015-жылдан бери жергиликтүү тургундардын күчү менен корголуп келет.
Бул тууралу агенттиктин басма сөз кызматы жарыя кылды.
Ак илбирс
Сүрөттөр: Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин басма сөз кызматы