ИИМ: Калыков прокурорду кокусунан атып, кокусунан сөөгүн өрттөгөн

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду шектүү Мелис Калыков кокусунан өлтүрүп алган жана анын сөөгун ккусунан тамекинин күлүнө өрттөгөн деп билдирди ИИМ жана Баш прокуратура өкүлдөрү пресс-конференцияда. 

ИИМ: Калыков прокурорду кокусунан атып, кокусунан сөөгүн өрттөгөн

Прокурорду өлтүрүугө шектүү Калыков

Күч структуралардын версиясы

Шектүү Мелис Калыков прокурорду кокусунан башка атып жана тамеки тартуудан улам кокусунан сөөгүн күйгүзүл алганын ИИМ тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов жана Баш прокуратуранын Ыкчам иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Замир Бейшекеев пресс-конференцияда билдирди.

Алардын айтуусу боюнча Мелис Калыков күнөөнү мойнуна алган. Өлтүрүүнүн негизги себеби болуп, ал иштеген капиталдык курулуш башкармалыгын байма-бай текшерүү жана Калыковдун өзүнө салынган жана төлөгөн айып пулдун кесепети болгон.

“Мыйзам бузуу боюнча прокуратура кылмыш ишин козгогон, дагы бир ачылган кылмыш иши токтотулган. Кадамжай районунда дагы бир кылмыш иши болгон. Анын үстүнө Калыковдун өзү 10 миң сом административдик айып төлөгөн”деп айтты Бейшекеев.

Шектүүнүн туугандарынын версиясы. Шектүү менен жолугушууда белгилүү болгону 

Ал эми Мелис Калыковдун эжеси Дарика Калыкова инисинин күнөөсүз экенин айтып, Президентке, ЖК спикерине ж.б. кайрылган.

Шектүүнүн жактоочулары Э. Карабаев жана И. Эшматов болуп, шектүү М. Калыков милиция кызматкерлеринин мурунку аракеттери адвокаттарынын катышуусуз болгонун  Акыйкатчы өкүлдөрүнүн жолугушуусунда айткан.

Андан тышкары аны кыйноого алган милиция жана прокуратура кызматкерлерине чара колдонууну суранган.

Акыйкатчы институту билдиргендей, бирок М. Калыков кыйноолорду аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

23-ноябрда кыйноолорду алдын- алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов, алар тергөө абагына барганда Калыков милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан ур-токмок жегенин айтып, арыз жазганын билдирген.

Баткендин облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду 18-ноябрга караган түнү өлтүрүп кетишкен. Бул окуя боюнча Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасынын кызматкери Мелис Калыков шектүү катары кармалган жана камакка алынган.

Айжан Айтышева 

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты