Өмүркулов: “Партияны өзүңөр бөлүп-жарбагыла”

Өмүркулов: “Партияны өзүңөр бөлүп-жарбагыла”Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 29-ноябрдагы, жыйынында депутат Иса Өмүркулов депутат Ирина Карамушкинанын айткандарына жооп берди.  

“Биздин партиялаштарыбыздын баары өлкөнүн туруктуулугу, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жан аябай иштешти,  тоскоолдуктарга каршы чыгышты. Арабыздан көбү Ала-Тоо аянтына жыгылды. Муну унутпаш керек. Бүгүн өзүңөр партияны бөлүп жарып, араздашууга алып келбегиле” деди Иса Өмүркулов.

“Ирина Карамушкина айткандай, партиянын анык мүчөсү эместер, мурунку режим менен күрөшүп жана жеңишке жетише алды. Бүгүн аларды экинчи сорт киши катары көрүү, жумшак айтканда  келекелөө. Бийик трибунадан туруп алып, арыз жазгыла деген туура эмес. Биз жеке кызыкчылыкты көздөбөй жаратмандык менен алектенели” деди ал.

Ирина Карамушкина 28-ноябрда  “Атамбаевсыз КСДП” кыймылынын конференциясына аталган партияны тазалаш керектигин билдирип, партиядан чыгып кетип, өз партияңарды түзгүлө деп жаңжал чыгарган.

Карамушкина Өмүркуловдун айткандарынаан кийин, нааразылык билдирип,  залдан чыгып  кеткен.

Ал эми партиянын Саясий кеңеши буга чейин Иса  Өмүркуловду партиянын катарынан чыгарган.

 

 

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты