Электр энергияны керектөө эмнеге өстү? —Адистин түшүндүрмөсү

«Түндүкэлектро» ААКнын метрология кызматынын башчысы: Таалай Койбагаров электр энергияны эмнеге керектөө өсөөрү тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу “Түндүкэлектронун» басма сөз кызматы  кабарлады.   

Электр энергияны керектөө эмнеге өстү? --Адистин түшүндүрмөсү

Таалайбек Койбагаров

Эмнеге эч кандай себеби жок эле  абоненттердин эсептегичи өткөн мезгилге салыштырмалуу көп эсептеп жатат деген суроосу туулат.

Бирок көп эсептөөнүн негиздери бар, болгону аны туура аныктоо керек. Биз эсептегичтин көп эсептеп жатканын болжол менен 4 тайпага бөлүп алалы.

  1. Мезгилдүү
  2. Заманбап электрондук эсептегич
  3. Сырттан кошулуулар
  4. Өткөргүчтөрдүн тиешелүү шартта эмес же кыска туташуу.

Ар бир тайпанын себептерин карап көрөлү.

1.Мезгилге жараша электр энергиянын көп керектелүүсү 

Электр энергияны керектөө эмнеге өстү? --Адистин түшүндүрмөсү

Ар бир абонент ай сайын электр энергияга төлөгөн сайын, эсептегичтин көрсөтмөсүн жазып жүргөн болсо, бул көрүнүштү байкабай коюшу мүмкүн эмес. Себеби жай мезгилине караганда, кышкысын керектөө көп болот. Анткени үйдү жылытууда жылыткычтарды, электр жабдыктарын колдонобуз.  Андан тышкары:

Түн узун- күн кыска, суу муздак, ички жылытуу сыяктуу себептери бар

Күн кыска болгондуктан, кышкысын светти эрте күйгүзүп кеч өчүрөбүз.

Суу муздак болгондуктан сууну жылытуу учун ар кандай электро приборлорду, аристон колдонобуз

Ички жылытуу дегенибиз, адамдын организми кышкысын 36,6 градус жылуулукту кармап жүрүү үчүн ысык тамак же болбосо ысык чай ичүүгө туура келет. Ошондуктан электр чайнектерди, электр плиталарын күнүмдүк турмушта көп колдонобуз. Ал эми жайкысын болсо муздаткыч, кондиционер, вентиляторлор менен чектелебиз. Алар көп деле электр энергиясын талап кылбайт. Ошон үчүн жайкысын керектөө азаят.

  1. Заманбап электрондук эсептегичтерЭлектр энергияны керектөө эмнеге өстү? --Адистин түшүндүрмөсү

Мындай бардык талаптарга жооп берген заманбап электрондук эсептегичтерди колдонуу менен канча көлөмдө электр энергиясын керектеп жаткандыгынды так билүүгө болот.

Анткени мындай электрондук эсептегичтерде заманбап талапка жооп берген микросхемалар орун алган. Алар ар бир колдонулуп жаткан энергияны эсептеп турат. Бир эле мисал келтирели, телевизорду иштетүүчү баскычын баскандан баштап электр энергиясы керектелип башталат.  Ал эми телевизорду толук өчүрбөй, бир ай күтүү режиминде калтырып койгондо, болжол менен 150 кВттан 7,5 кВтка чейин электр энергиясын сарптарын билбесек керек.  Электрондук эсептегичтин өзгөчөлүгү ушунда. Ар бир керектөөнү көзөмөлдөп турат.

  1. Сырттан кошулууларЭлектр энергияны керектөө эмнеге өстү? --Адистин түшүндүрмөсү

Электр энергияны көп керектеп жатканыбыздын дагы бир себеби болуп, эсептегичти кошууда, тиешелүү адистин эмес башка бир адамга коштургандын кесепетинен болот. Мындай да болушу мүмкүн. Анткени  бир нече эсептегич бир жерде орун алып калганда тиешелүү адис болбосо, зымдарды алмаштырып алышы толук мүмкүн.

  1. Өткөргүчтөр тиешелүү шартта эмес же кыска туташуу

Бардык  нерселер бузук же болбосо тиешелүү сапаттагы эмес электр өткөргүчтөрдөн жана начар контакттан болот.Электр энергияны керектөө эмнеге өстү? --Адистин түшүндүрмөсү

  • Начар контакт. Электр өткөргүчтөгү начар контакттын пайда болушунун бирден бир себеби болуп ийкемдүүлүгү, кысуусу тиешелүү сапатта эмес болгон өткөргүч же болбосо алсыз контакт дейбиз. Өткөргүчтөрдүн кемчиликтеринин бул түрү илмек өткөргүчтөрдүн чыңалуусунда болот. Жез жана алюминий зымдарын атайын терминалдын жардамы менен туташтыруу абзел. Атайын терминалсыз туташтырууга болбойт. Шашып же кандайдыр бир себептерден улам атайын терминалсыз кошуу коркунуч туудурат.

Кыска туташуу – бул туташуу туура эмес жерден болгон туташуу. Кыска туташуунун келип чыгышынын бир нече себептери бар жана алар жөнөкөй. Бул начар сапаттагы изоляциялоо, зымды туура эмес монтаждоо, зымдарды электро приборлорго туташтыруудагы катачылыктар. Жогорудагыдай катачылыктардан улам эсептегич электр энергиясын керектелди деп эсептеп, көп эсептеши мүмкүн.

Эң башкысы изоляциясы начар эски кабелдерди эксплуатациялоодон алыс бололу жана электр өткөргүчтөрдүн сапатына басым жасайлы.

  • Зымдарды туура эмес туташтыруу.Эгер сиз азыр эле электр зымдарын өткөрсөңүз деле, ал туура эмес туташылган болушу мүмкүн. Демек сиз зымдарды туташтырууда тиешелүү нормаларды сактаган эмессиз. Анткени кабелдеги бөлүм туура эмес тандалган же болбосо туташтыруу убагында өткөргүчтөгү изоляция бузулган. Мындай учурда ток жоготууга дуушар болот. Бирок эсептегич керектелип жаткандай эсептей берет. Андан тышкары зым ээрип, электр жабдыктардын иштен чыгуусуна алып келет.
  • Сүрөттөрү: Дамира  Абдрахманова жана Интернеттен алынды.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты