Ноябрда электр энергияга акы көп төлөнөбү?

Ноябрда электр энергияга акы көп төлөнөбү?Коомчулукта ноябрь айында электр энергия акысын киловаттына 0,77 сомдон эмес, 2,16 сомдон төлөйт экенбиз деп айтыла баштады. Чындыгында эле ушундайбы?

“Түндүк электр” ачык акционердик коому электр энергиясынын тарифи ноябрь айында өзгөрүлбөй тургандыгын билдирди.

Мурункудай эле 700 киловатт электр энергия колдонулса— киловаттына 0, 77 сомдон, 700 киловаттан ашса, 2, 16 сомдон.

Ал эми электр энергиясынын пайдаланышынын мурунку ушул мөөнөткө салыштырмалуу көбүрөөк болушунун себеби-  быйылкы ноябрь айынын суук болушу менен түшүндүрүлөт.

Эгер былтыр ноябрда  573 миллиона киловатт-саат электр энергия пайдаланылса,  2018-жылдын ноябрь айында — 710 миллионов киловатт-саат болду.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты