Кытайлык компания Кыргызстанда автобус жыйноочу завод курууну пландоодо

  • 11 месяцев мурун

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кытайлык Gree Altairnano New Energy Co. Ltd. компаниясы менен энергиянын жаңы булактарын пайдалануу менен автобустарды жыйноочу заводду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Министр кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган документ Кыргызстан менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур Автономиялык районунун ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча иштиктүү жолугушуунун алкагында кабыл алынды.

Маалыматка ылайык, бул меморандум электроавтобустарды жыйноочу заводду куруу боюнча стратегиялык кызматташтыкты түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоого эки тараптын кызыкдарлыгын ырастайт.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында «Gree Altairnano New Energy Co., Ltd» Кыргыз Республикасында электроавтобустарды тейлөө борборлору, заряддоо станциялары жана электроавтобустарга аккумуляторлорду алмаштыруу станциялары жана электроавтобустарды жыйноочу заводду курууга инвестиция тартуу, анын ичинде электр автобустарын тейлөө үчүн тийиштүү инфраструктураны түзүү маселесин иштеп чыгат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты