Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард долларлык келишим түзүлдү

  • 11 месяцев мурун

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунун Үрүмчү шаарында өтүп жаткан кыргыз-кытай бизнес-форумунун жыйынтыгында жалпы суммасы 1 миллиард доллардан ашык 29 келишимге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров катышты.

Ал Шинжаң-Уйгур автоном районуна болгон иш-сапардын жүрүшүндө товар алмашууну көбөйтүү, көзөмөл-өткөрмө бекеттерин модернизациялоо, энергетика жана унаа жол куруу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара пайдалуу чечимдер кабыл алынганын билдирди.

Жапаров сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында август айынан тартып Эркечтам» жана «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө бекеттери жети күн бою 12 сааттан иштөө режимине өткөнүн кошумчалады.
Ал эки өлкө ортосунда Бедел ашуусу аркылуу «Барскоон – Үчтурпан – Аксуу» автожолун куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча документке кол коюлганын айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты