Султан Акторпоктун «Кыргызча жашоо бормулалары»

Султан Акторпоктун «Кыргызча жашоо бормулалары»16-майда белгилүү журналист  Султан Жумагулов—Акторпоктун “Кыргызча жашоо бормулалары” аттуу китебинин бет ачары Алыкул Осмонов атындагы китепканада өттү. Буга чейин 2015-жылы ал “Журналистикага жол” аттуу колдонмо китепти жарыкка чыгарган. Жаңы китеп 500 нуска менен “Имак офсет” басмаканасынан чыккан. Ага  ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков демөөрчү болду.

Өз сөзү, өз үнү менен

Султан Жумагулов-Акторпоктун аталган китебинин бет ачарында сөз сүйлөгөн атактуу акын Шайлообек Дүйшеев Расул Гамзатов “Менин Дагестаным” аттуу китеби кайсы адабий жанрга кирээрин да билбегендигин, “жүрөктүн мыйзамы” менен жазгандыгын, Валентин Катаев, Нодар Думбаде да кайсы бир жанрга ылайыктап эмес, жүрөгүндөгүнү жазганын айтып, бул чыгарма да ошондой экенин белгиледи.
“Султан Акторпоктун “Кыргызча жашоо бормулалары” жаңы салтка, дегеле сатиралык чыгармаларга окшобогон, жасалма, жалган сөз эмес, өзүнүн тили, өзүнүн үнү менен жазылган чыгарма деп айтаар элем” деди Шайлообек Дүйшеев.
Чыгарма жана анын автору тууралуу жылуу пикирди Тынчтыкбек Чоротегин, автордун шакирттери  — ЖК депутаттары Жылдыз Мусабекова, Аида Касымалиева, Жанар Акаев, “Кабар” агенттигинин директору Кубан Таабалдыев, ЖК аппарат башчысы Саматбек Ибраев ж.б. билдирип, авторго  ак жол каалашты.
Султан Жумагулов өткөн кылымдын 80-жылдары журналистика тармагына келип, “Асаба”, “Агым” гезиттеринде, “Би-Би-Си”, “Азаттык” радиолорунда кабарчылыктан жетекчиликке чейин такшалып, ЭлТР, КТРК телеканалдарында кызмат өтөдү. Ал эки доор тогошкон мезгил аралыгындагы кыргыз айылдарына, кыргыз коомчулугуна мүнөздүү терс көрүнүштөрдү сатиранын жумшак, курч тили менен кишини күлдүрүп олтуруп эле ынандырып коё алгандыгы менен айырмаланат. Китепте ошондой эле кийинки мезгилде ЖМК каражаттарында жарыяланып келген макалалары да кирген.

Атасы менен апасыСултан Акторпоктун «Кыргызча жашоо бормулалары»
Атасы менен апасынын көзү тирүү, Султан бактылуу адам экен. Бет ачар башталгыча Сайра апа менен бир азыраак сүйлөшүп калдым. Апасы 78 жашта, атасы 90 жашка чамалап калыптыр. 10 баланы тарбиялап өстүрүшүптїр. Султандын кичинесинде камыр жууруп, мешке нан салып берчү, окуган кездерин айтып берди. “Фамилияңыз ким?” десем, “чалдын атасына жазылгам да” деп, кайнатасынын атын айта албай койду. Султан китепке кирген бир чыгармасында апасынын алыскы Ат-Башыдан Бишкекке чоң жүк көтөрүп келгенин  сүрөттөп берген жери бар. Ошол чыгармада ал кишинин канчалык камкор, мээримдүү экенин туясың. “Апамдан мээнеткечтикти мурастап алдым” деп Султан апасынын тыным албаган мээнеткеч киши экенин айтат. Төрт жыл райондун  доктурлары айыктыра албаган көк жөтөлүн 4 класс билими бар апасы ысык сүткө май сапырып берип эле айыктырып койгонун жазат.
Шайлообек Дүйшеев айткандай, Чоң “Акторпок“–Султан Акторпоктун атасы Ат-Башыдагы айылдын айтылуу жамакчысы, куйма кулак, зээндүү адам, бир кездери сельсоветтин секретары болуп иштеген киши. Атасы “Акторпок” атка конгон жайын айтып, кызыктуу аңгеме курду. 1948-1950-жылдары колхоз унаа болот деп элге бирден торпок бөлүп берген экен. Жумагул аксакал колхоз берген торпогун уурдатып жиберет. Торпокту төлөйсүң деп кыйнашат. Жокчулук заманда аны төлөй албай убара тартат. Ошол тушта арманын ичине ката албай, Акторпокту кошуп ырдап жүрөт. Аны уккан айылдаштары ал ырды актив чогулган жерде ырдаттырышат. Ошол жамактаткан ыры менен торпоктун кунунан кутулганда, айылда анын Жумагул аты унутулуп, “Акторпок”  деген ат жабышкан экен. Көрсө уулу Султан адабий чыгармада атасынын ошол атын алыптыр. Ушул кечеде ал киши “Акторпок арманын” кошту. Анын бир куплетин келтире кетели:

“Биринчи менин арманым,

Акторпок деп зарладым,

Жокчулук жанды кейитти,

Акторпок сенин айыңан…” деп бир канча куплетин ырдап берди.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты