Бишкек шаардык милициясынын жетекчиси алмашты

  • 11 месяцев мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ногойбаев кызматтан алынды. Анын ордуна буга чейин Талас облустук милициясын жетектеп келген Азамат Токтоналиев дайындалды. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди.

Кечээ, 18-августта Ички иштер министрлиги баңгизат соодасына аралашкан деген шек менен кармалган милиция кызматкерлерине байланыштуу алты жетекчи кызматтан алынып, 18и тартип жазасына тартылганын маалымдаган.

Маалыматка ылайык, маселе министрликтин коллегиясынын кезексиз жыйынында каралган.

17-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте синтетикалык маңзат соодасына шек саналган беш милиция кызматкери кармалганын билдирген. Кылмыш-жаза кодексинин «баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү», «опузалап пара талап кылуу» жана «кылмыш чөйрөсүн түзүү” беренелери менен кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Кармалгандар атайын кызматтын тергөө абагына киргизилген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты