Боюнда барлар шаардан кетиши керек… Смогдон сактануунун жолдору

Бишкек шаарындагы абанын булганышы, смогдун пайда болушу тургундарды бир кыйла эле дүрбөлөңгө салды. Бул маселе Жогорку Кеңеште дагы көтөрүлгөнү менен, маселе чечиле элек. Медицина илимдеринин доктору, профессор,  Ахунбаев атындагы КММАнын потологиялык физиология кафедрасынын башчысы Тухватшин Рустам смогдун пайда болуу себептери, смогдон коргонуу жөнүндө ПолитКлиникага маек куруп берди.

Смог деген эмне?
— Смог-мезгил-мезгили менен абанын булганышы. Адатта бул күчтүү өнөр-жайларды иштеткен шаарларга тиешелүү. Кытайдын шаарлары сыяктуу эле, Бишкек дагы смогдун таасиринде калууда.

Кимдер үчүн кооптуу?
— Биринчи кезекте тобокелдик тобундагы кишилер үчүн кооптуу. Алар: боюнда барлар, өзгөчө алгычкы 3 жумада смогдун таасири өтө кооптуу. Бала тубаса оорулар менен төрөлүшү мүмкүн. Өпкө оорусунан жабыркагандар. Таң калыштуу болушу мүмкүн, бирок спортсмендер үчүн дагы кооптуу. Анткени, алар чуркап, терең дем алгандыктан зыяндуу заттар өпкөгө көбүрөөк кирет.

Смог эмнеден улам пайда болот?
—Абанын булганышын бир гана транспорттон чыккан газдарга шилтеп коюу туура эмес. Негизги себептердин бири Бишкектин климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрү. Мисалы, кечинде шаарга чыкканда тоолордон келген желди байкайбыз. Ал эми күндүзү жел тоону карай согот. Мындай өзгөрүүлөрдүн болуп турушунан улам, ТЭЦ же автоунаалар чыгарган аз көлөмдөгү газдар көбөйүшү мүмкүн.

Кантип коргонууга болот?
—Спортсмендер шаардын четинде машыгуусу керек. Аба тазаланганга чейин ачык абада футбол ойноп, чуркоого болбойт. Өзгөчө азыркыдай, уулу заттардын концетрациясы 2,3 эседен ашып турганда. Бул аябай кооптуу болуп, өпкө рагына алып келиши мүмкүн. Бул жагдайда эч кандай иллюзия болбошу керек. Боюнда барлар, 13 жума өтүп, түйүлдүк калыптанганга чейин шаардан чыгып кетиши керек. Айылга же башка шаарларга. Же болбосо, 13 жума аба тазаланып турушу үчүн кондиционерди иштетип койуп, үйдөн чыкпай отурушу зарыл.

—Бийлик органдары эмне кыла алат?
Кечинде негизги проспектилерди автоунаалардан бош калтыруу керек. Анткени, кечинде тоонун жели шаарды тазалап чыгат. Аба ырайында берилип жатпайбы, шамал Бишкекти карай сого турган болсо, көмүр жагууну азайтып же токтото туруп, газга өтүш керек. Жок дегенде белгилүү бир мезгил ичинде. Ошондой эле светофордун кесилишинде машиналар минималдуу санда турса жакшы болмок. Анткени, ошентип турган кезде, машинадан уулу заттар максималдуу концентрацияда чыгат.

Ырысбү Кылычбек кызы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты