Бөдөшев: “Бурулай мени менен Таласка өз каалоосу менен кеткен”

    Бөдөшев: “Бурулай мени менен Таласка өз каалоосу менен кеткен”Милиция имаратында өлтүрүлгөн Бурулай.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бурулайдын өлүмү боюнча сот отурумунда шектүү Марс Бөдөшев сурак берди.

Свердлов районунда Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши боюнча 28-ноябрдагы сот отурумунда  Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшев көрсөтмөсүндө Бурулайды 10 жылдан бери тааный турганын, аны менен 3 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөнүн айтты.

Бурулай  ал өз ыктыяры менен аны менен бирге ала качкан күнү 27-майда Таласка жөнөгөнүн айтып берди. Ортодо телефон  алмакчы болуп Бурулай үйүнө барып кайра келгенин билдирди.

Таласка жетип калганда, милиция кайтууну буюрду деп Жолдошбек байкеси телефон чалганда  кайра кайтып келишкенин, Сосновка постунда аны милиция күтүт турганын айтты.

Биринчи Жайыл райондук ИББге өзүн, Бурулайды жана Акмат Сейитовду киргизгенин, кайра Бурулайды жалгыз калтырышканын, андан кийин ачык турган эшиктен өзү кирип барганын “ата-апаңа өзүм баргам” деп эле айт” дегенин  түшүндүрдү.

Бурулайды сайган-сабаганын билбей турганын, бирок  анда бычак болбогонун жана 19-июнда сурак берген эместигин билдирди.

Марс Бөдшөев өзүн-өзү сайганын да эстей албайт. Көзүн ачса, ооруканада жатыптыр .

27-майда ошол ала качып, кайра милицияге келген күнү, 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө Бурулай өлтүрүлгөн. Ага шектүү катары ала качкан Марс Бөдөшев кармалган.

Марс Бөдөшев Кылмыш-Жаза кодексинин 97-беренеси, киши өлтүрүү боюнча айыпталууда. Анын досу Акмат Сейитов да кармалган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты