Атабеков тоюнда устукан тартпай, үлгү болду

Атабеков тоюнда устукан тартпай, үлгү болду

Бишкекте ресторандардын биринде айтылуу ырчы Мирбек Атабеков жентек тоюнда адаттагыдай устукан тартпай, тойдун  үлгүсүн көрсөттү.   

Мирбек Атабеков кызына жентек той жана үч жашар уулунун туулган күнүн ашыкча чыгымсыз өткөрүп, устукан тартпаганы жаңы үлгүдөгү тойдун башталганынан кабар берет.

Инстаграм баракчасына тойго баргандардын бири минтип жазыптыр:

«Мирбек тоюн ашыкча чыгымсыз өткөрдү. Дасторкон дүйүм даамдарга толду, бирок биз көнүп калгандай, устукан таратылган жок. Бардык саясатчылар, белгилүү адамдар карапайым калкка мына ушундай үлгү көрсөтүшү керек”.

Сүрөт: Атабековдун Инстаграмм баракчасынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты