Кыргызстандагы алтындын кору 16,7 тоннаны түзөт
- 12 месяцев мурун
2023-жылдын май айынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын алтын-валюта резервиндеги сары металлдын кору 16,7 тоннаны түздү. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк алтын боюнча кеңеш (World Gold Council) билдирет.
Бул көрсөткүч ушул жылдын март айына салыштырмалуу 1 тоннага, өткөн жылдын декбарына салыштырмалуу 300 килограммга өскөн.
Жалпысынан резервдеги алтындын үлүшү дагы өсүүдө. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча резервдердеги алтындын үлүшү 34,1 пайыз болгон болсо, 2023-жылдын майында бул көрсөткүч 42,9 пайызга жеткен.
Муну бөлүшүү