Бишкекке Кытайдан газ менен жүрө турган 50 автобус келе жатат

  • 12 месяцев мурун

Бишкекке Кытайдан газ менен жүрө турган 50 автобус келе жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жаңы автобустар ушул жылдын 15-сентябрына чейин линияга чыгып, калкты тейлей баштайт.

Буга чейин Кыргызстан Кытайдын «Zhongtong bus Holding Co., LTD» компаниясынан газ менен жүрө турган 1000 автобус сатып алары кабарланган. 500 автобустан турган биринчи партия быйыл келери айтылган.

Бишкек мэриясы калган 450 автобус 2023-жылдын аягына чейин келери күтүлүп жатканын билдирди. Калган 500 даана 2024-жылдын 1-кварталында келет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты