Баткенде жаңы окуу жылына карата беш мектеп пайдаланууга берилет
- 4 ай мурун
Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата беш типтүү мектеп, эки кошумча окуу корпусу пайдаланууга берилет. Бул тууралуу президенттин аталган облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жаңы окуу жылына карата Баткен районунун Орто -Боз айылындагы “Ж.Момунов” орто мектеби, Кыштут айылындагы “Кыштут” орто мектеби, Кара-Бак айылындагы “Бото Нарматов” орто мектебинин кошумча имараты, Кызыл-Бел айылындагы “Масалиев” орто мектебинин кошумча имараты, Достук айылындагы “Достук” орто мектеби жана Көк-Таш айылындагы “Көк-Таш” башталгыч мектеби пайдаланууга берилет.
Мындан сырткары, Лейлек районунда “Борбордук” жана “Максат” орто мектептери капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү.
Аны менен катар жаңы окуу жылынын башталышы менен үч балдар бакчасы пайдаланууга берилет. Алар: Баткен районунун Көк-Таш айылында “Учкун”, Ак-сай айылындагы “Эделвейс” жана Достук айылындагы “Бөбөктай” балдар бакчалары.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, учурда облуста жалпы 34 билим берүү мекемесинин курулушу жүрүүдө, анын 25и мектеп, 9у балдар бакчасы.