Кыргызстанга «Барселонанын» легендарлуу оюнчулары келет

  • 12 месяцев мурун

Август айынын аягында Кыргызстанга «Барселона» футбол клубунун мурдагы оюнчулары келет. Алар Бишкекте «Азия легендалары» командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу маалымат клубдун сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, «Барселона» футбол жана спорт маданиятын алдыга жылдыруу боюнча иш алып барган JALGROUP ASIA компаниясы менен кызматташуу тууралуу келишимге кол коюшмакчы. Анын алкагында Кыргызстанда «Барсанын тажрыйбасы» аталышындагы долбоорду иштеп чыгышат.

Долбоор бир канча жылга мерчемделген, анын ичинде Жалал-Абад жана Бишкек шаарларында «Барсанын» академияларын ачуу дагы каралган.

Ошондой эле, 30-августта (саат 20:00) «Барасанын легендалары» командасы Бишкектеги Долон Өмүрзаков атындагы стадиондо «Азиянын легендалары» командасы менен беттеш өткөрмөкчү. Оюнга клубдун Джулиано Беллетти, Лодовик Джули, Рональд де Бур, Сержи Бархуан, Джовани да Силва, Хуан Карлос Родригес жана Хуан Антонио Гойкоэчеа сыяктуу мурдагы оюнчулары катышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты