Улан менен ким шахмат, шашки, домино ойнойт?

Улан менен ким  шахмат, шашки, домино ойнойт?

Ош шаарынан келген Улан Маматов бишкектиктерге шахмат, шашки, нарды, домино жана башка оюндарды ойноону сунуштайт.

Бишкек шаарында “Гоин” соода борборунун жанында,  Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде  Улан Маматов бишкектиктерге шахмат, шашки, нарды, домино жана башка оюндарды сунуштайт.

-Улан бишкектиктерге качантан бери шахмат, шашки ж.б. оюн сунуштап жатасыз?

—Бир жума болуп калды. Мени Бишкектен “Гоин” соода борборунун жанынан саат 9:00-19:00 га чейин таба аласыздар. Адамдар мени оюнга чакырып жатат. Каалагандарга үйлөрүнө же аудиторияга барып оюн уюштура алам. Бирок менин кабыл алчу жайым, аудиториям жок. Ошол себептен көчөдө уюштуруп жатам.

—Кайдан болосуз?

-Оштон болом. Ата-энем, бир туугандарым да Ошто жашайт.

 —Бир жумада канча киши менен ойнодуңуз?

—Кызыккандар көп эле болуп жатат. Такыр шахмат ойногонду билбегендерге, шахмат жүрүштөрун үйрөтөм. Ойногонум үчүн 500 сом акы алам. Ойной баштаганда эле ал киши канча убактан бери ойноп жүргөнун билип койсо болот.

-Өзүңүз жакшы ойнойсузбу?

—Орто деңгээлде ойнойм. Шахматты мага мектепте окуп жүргөнүмдө Дайыр Маматович агай үйрөткөн.

—Эмнеге  шахмат, шашки жана жогоруда аталган оюндарды тандадыңыз?

—Анткени менин бутум ооруйт. Жакшы баса албайм.  Ошондуктан өзүмө ылайыктуу ишти тандадым.

Айгүл Бакеева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты