Сузакта сел коркунучу бар жерде миңдей бүлө жашайт
- 6 лет мурун
- Маек
Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун сел коркунучу бар жерлерин кыдырды. Анда 963 үй-бүлө сел коркунучу бар жерде жашап жатат.
Министр 27-ноябрда Сузактын Акчалуу, Ак-Терек айылдарында, Ак-Булак айыл аймагынын Кызыл-Туу айылынын тургундары менен жолукту.
Сузакта сел коопсуздугу бар жерлерде 963 үй-бүлө жашап жатат, анын ичинен 627 үй-бүлө жер которууга ссуда жана жер тилкесин алышкан, бирок кооптуу аймактан көчүп кете элек. 336 үй-бүлөгө жер тилкесин бериле элек.
Н. Мирхахметов ошондой эле Көк-Арт суусунун боюндагы дамбалардын абалы менен таанышты.
Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлады.
Cүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!