ИИМ: КСДП бухгалтери өлкөгө кайтса, коопсуздугуна кепилдик берилет

ИИМ: КСДП бухгалтери өлкөгө кайтса,  коопсуздугуна кепилдик берилетИчки иштер министрлиги КСДП партиясынын бухгалтери Кыргызстанга кайта турган болсо, анын коопсуздугуна кепилдик берилерин билдирди.

Ички иштер министрлиги экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 19-ноябрда “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда айтылган бардык маалыматтарды текшерип жатканын билдирди.

Интервью учурунда А. Атамбаев КСДПнын шайлоо алдындагы штабында иштеген бухгалтер жана анын үй-бүлөсүнө коркунуч туулганын, ошондон улам алар чет мамлекетке качып кеткенин билдирген.

ИИМ эгер КСДП бухгалтери Кыргызстанга кайта турган болсо, анын өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугу сакталарын жана айтылгандар боюнча калыс иликтөө жүргүзүлөрун билдирди.

“Ички иштер министрлиги кандай гана маалымат болбосун, аны жарыя кылгандар катардагы жаран болобу же бийликтин жогорку бутагында иштеген адам болобу, ага өз учурунда чара көрүшү керек, айрыкча адамдын коопсуздугуна коркунуч туулган учурларда” деп билдирди ИИМ.

Текшерүү учурунда мындай фактылар аныкталган: Чек ара кызматынын маалыматы боюнча КСДПнын шайлоо алдындагы штабынын бухгалтери Кыргызстандын аймагынан 2018-жылдын 11-ноябрында чыгып кеткен же тактап айтканда социалдык тармактарга президенттик шайлоого жумшалды деген карадаттар тууралуу маалыматтар чыгарына 4 күн калганда чыгып кеткен.

18-ноябрда экс-президенттин интервьюсу чыгаары жарыя болгондо, бухгалтердин уулу да Кыргызстандан  кеткен.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты