Сот Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын канааттандырган жок

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаардык административдик соту Жогорку Кеңештин депутаты Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышы боюнча арызын 4-августта карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Алимжанов сотко Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) аны депутаттык мандатынан ажыратуу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен кайрылган.

Белгилей кетсек, 3-августта ушул эле сотто депутат Фархат Исмаиловдун арызы каралып, канааттандырылган эмес.

Борбордук шайлоо комиссиясы Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановду (“Альянс”) 6-июлда мандатынан ажыраткан. Буга алардын жогорку билими тууралуу дипломдору жасалма деп табылганы себеп болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты