Кыргызстан Германияга виза алуу үчүн жеңилдик берүү маселесин карап чыгууну сунуштады

  • 12 месяцев мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Германиянын Федералдык Өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү доктор Йоахим Штамп менен жолукту. Бул тууралуу 4-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар билим берүү, миграция жана виза маселелерин талкуулашты.

«Кыргыз жарандарына Германияда окуу жана иштөө максаттарында виза алуу үчүн жеңилдик берүүнү карап чыгуу герман тарапка сунушталып, бул багытта мындан ары эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө басым жасалды. Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын мамлекеттик мекемелеринин ортосунда бул жаатта кол коюу иштерин талкуулашты«, — деп жазылат маалыматта.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жогорудагы маселелер боюнча кызматташууну активдештирүүнү макулдашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты