«Белизгейт» купуялыгы алынат

"Белизгейт" купуялыгы алынатЖогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Белигейт” боюнча жашыруун делген эн тамгасы алынып салынарын Улуттук коопсуздук комитети билдиргенин айтты. Бул Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комтетинде каралган учурда айтылган.

Шыкмаматов УКМК жашыруун делген эн тамганы алууга даярдык көрүүгө эки жума керектелээрин сураганын кошумчалады.
“Биз документтерди ачыктоону сурандык. Баш прокуратура менен УКМК чыгып сүйлөп, ал жакта мекеменин ыкчам тобунун кызматкерлеринин аты-жөнү жазылып жүргөнун айтты.

Эгер ыкчам топ кызматкерлери документтерди жасалмаласа, алардын аттарын билүүгө биздин укугубуз бар” деди А. Шыкмаматов.

Эске сала кетсек, “Белизгейт” жаңжалы үч депутат: Аида Салянова, Алмамбект Шыкмаматов, Өмүрбек Текебаев “Альфателекомдун” 51 пайыз акциясын сатып алууга тиешеси болушу болжолдонуп, экс-президент А. Атамбаев УКМК менен Башпрокуратурага бул маселени изилдөөнү тапшырган.

Андан кийин Леонид Маевский чыгып, Өмүрбек Текебаевге “Мегаком” компаниясын сатып алууга таасир көрсөтүү үчун 1 млн доллар пара бергем деп чыккан. Маевскийдин соттогу көрсөтмөсүнүн негизинде Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов 8 жылга соттолуп кеткен.

Шыкмаматов ошондой эле Баш прокуратура “Белигейт” ишинде документ жасаган УКМКнын экс-башчысы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тарткандыгын кабарлады.
.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты