Өкмөт башчы Минскиде жогорку технология паркына барды

 

Өкмөт башчы Минскиде жогорку технология паркына барды

Өкмөт башчы Минскидеги Жогорку технологиялар паркында иштеген мекендештер менен.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Минск шаарындагы Жогорку технологиялар паркына барды.

Жогорку технологиялар паркынын директору Всеволод Янчевский Өкмөт башчыга мекеменин ишмердиги тууралуу айтып берди жана бул ИТ-бизнестин ийгиликтүү өнүгүүсүнө жагымдуу өбөлгө түзгөн атайы салык-укуктук режими бар өзгөчө экономикалык аймак экендигине токтолду.

Парк экстерриториалдык принцип боюнча иш алып барган АКШдагы Кремний өрөөнүнүн белорустук варианты катары таанымал. Анда катталган компаниялар белорустук кеңсенин жайгашуу ордунан көзкарандысыз түрдө бардык сунушталган артыкчылыктардан пайдалана алышат.

Долбоордун алгачкы максаты — экспортко багытталган программалаштыруу индустриясын, жаңы жана жогорку технологияларга негизделген башка экспорттук өндүрүштү өнүктүрүү, ошондой эле экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кадрдык, илимий-өндүрүштүк жана инвестициялык-финансылык мүмкүнчүлүгүн  топтоштуруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Жогорку технологиялар паркында иштеген мекендештер менен пикир алышты.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты