Президент ишкерлерге тоскоол болгондорду атады

Президент ишкерлерге тоскоол болгондорду атады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-ноябрда. Токмок шаарынын өндүрүш жайларын кыдырды. 

«Өлкөдө өндүрүш канчалык көп болсо, жумушчу орундар ошончолук көп болот жана мекендегтерибиз үйлөрун таштап, акча табабыз деп сыртка кетпейт эле» деп белгиледи мамлекет башчы.

«Viva Tex» bшкананын жетекчиси Икбол Бахрамова жүндөн жана пахтадан трикотаж, андан буюмдарды чыгарып жатышканын айтып берди. Токмокто 630 адам, Бишкек шаарындагы эксперименталдык цехте 75 адам иштейт. Бардыгы болуп, 705 адам эмгектенет.

Ишкана Казакстан, Россия, Германия, Түркия, АКШ, Өзбекстандын фирмалары менен кызматташат. Сатуу рыноктору — Кыргызстан (55%), Россия (27%), Казакстан (10%) жана Өзбекстан (8%).

Кубаттуулугу — айына 100 тонна жүн жиптерин жана 30 миң даана трикотаж буюмдарын чыгара алат.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду модернизацияга акча бөлүп берип, ага Германиядан жаңы трикотаж үчүн токуучу машинкалар алынган.

Президент өндүрүш цехтерин көрүп чыгып, чыгарылган продукция менен таанышты жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду менен мындан ары дагы кызматташып, өндүрүштү модернизациялоо зарылдыгын белгиледи.

Ал ошондой эле жаңыдан ишин баштаган «КазГрейн» ЖЧКнын «Макарон азыктарынын комплексине» барды. Ишкананын ишмердиги боюнча анын жетекчиси Султан Имангазиев маалымат берди.

Анын айтымында, «Каз-Грейн» ЖЧКсы өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү максатында кошумча «Макарон азыктарынын комплекси» цехин жана линиясын ачкан. Цех Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун насыялык каражаттарына жана ошондой эле өз каражаттарына ачылган. Ишкана толугу менен Кыргызстанды камтып, андан соң продукциясын сыртка экспортко чыгарууну пландап жатат. 50дөн ашуун киши жумуш менен камсыз болгон, өндүрүш кубаттуулугу — айына 1800 тонна.

«Көп учурда жергиликтүү бийлик, укук коргоо органдары ушундай ишкерлерге жардам бергендин ордуна, тескерисинче, тоскоол кылып, негизсиз текшерүүлөр менен кыйнайт. Биз ишкерликке болгон мындай мамилени өзгөртүүнүн үстүнөн катуу иштеп жатабыз!, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты