«Делбирим»—заманга ылайыкташкан көркөм тасма

Кыргызстандын “Дан” продюсердик борбору “Өзбек кино” улуттук агенттиги менен бирге залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым» повестинин негизинде  «Делбирим» тасмасын тартышты.

"Делбирим"--заманга ылайыкташкан көркөм тасма

«Делбирим» көркөм тасмасынан кадрлар.

16-ноябрда тасманын бет ачары Өзбекстанда аншлаг менен өттү. Кыргызстанда болсо улуу жазуучунун туулган күнүн утурлай 6-декабрдан баштап көрсөтүлөт. Тасманын сценарийин белгилүү жазуучу жана драматург Керез Зарлыкова жазган, ал эми режиссеру өзбекстандык Сарвар Каримов. Тасма тууралуу Керез Зарлыкова жана режиссеру Сарвар Каримов айтып беришти.

“Делбирим” заманга ылайыкташтырылып тартылды”

"Делбирим"--заманга ылайыкташкан көркөм тасма

Сценарийдин автору Керез Зарлыкова.

—Керез эже, бул тасманы тартуу идеясы кайдан келип чыкты?

—Мен буга чейин «Көпөлөк» жана «Кокуй кошуна» тасмаларынын сценарийин жазгам. Бул тасмаларды “Дан” продюсердик борбору тартып, эл жылуу кабыл алган. Негизи өзүм көп жерде иштедим, драмалык театрда, КТРКда. КТРКда иштеп жүргөн убакта өзбек кинолорун көрүп эмнеге биз ушул сыяктуу кинолорду жаратпайбыз деп суктанып койчу элем. Алардын сапаты да жакшы болчу, анан бирге кино тартсак кандай болот деген ой келди. Ал  оюбузду чегара ачылганы ишке ашырдык. Биздин сунушту өзбек тарап да жакшы кабыл алып, “Делбиримди” тартуу демилгесин көтөргөн. Бир айда сценарийин жазып, эки тараптын тең көркөм кеңеши жактырып, колдоо тапты. Мындан сырткары Өзбек президенти да колдоп, каражат жагы да тез чечилди.  Кыргыз артисттерине гонорарды «Дан» продюсердик борбору, өзбек артисттерине «Өзбеккино» төлөп бермей болду. Ошентип, Кыргызстан менен Өзбекстандын биргеликте жасап жаткан алгачкы эмгегин элге тартуулап жатабыз.

—Кино каякта тартылды?

— Кинонун негизги бөлүгү Өзбекстандын Фергана өрөөнү, Ташкент жана Наманган шаарларында, акыркы эпизоддорду бизде, Балыкчы шаарында тартылган. Кино тасманын  узактыгы 1 саат 40 мүнөт, аны тартууга өзбек тарап жаш, таланттуу режиссер Сарвар Каримов баш болгон жумушчу топту бөлүп беришкен. Баарыбыздын көздөгөн максатыбыз, тилегибиз бир болгондуктанбы, кино тартууда тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болгон жок. Бардыгы шар кетти.

"Делбирим"--заманга ылайыкташкан көркөм тасма

«Делбирим» тасмасынан кадрлар.

—Тасмадан белгилүү өзбек актерлорун да көрүүгө болот, башкы ролдорго кандай критерийлер менен тандадыңыздар?

—Негизи өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда актерлор эки тараптан тең болот дегенбиз. Ильястын ролун белгилүү актер Адиз Ражапов, Байтемирди Улугбек Кадыров ойноду. Эки актер тең Өзбекстандан, жаштардын сүймөнчүлүгүнө ээ болгон таланттуулар. Ал эми Аселдин образын Кыргыз улуттук драма театрынын актрисасы Мадина Талипбек жаратса, Кадичанын ролун Элина Абай кызы аткарды.

Эң кызык жери, Элина Абай кызы буга чейин Курманжан датканын ролунда элге акылман, боорукер, назик, даанышман, айкөл аялзаты катары чыккан болсо, биздин тасмада үй-бүлөнү бузган  терс каармандын ролун жаратты. Негизи актер кайсыл гана роль болбосун баарын ойногонго шыктуу болушу керек, биз бул тасмада Элина Абай кызын башка багыттан ачтык деп сыймыктануу менен айта алабыз. Ал эми Мадина Талипбек кызы Аселдин ролуна төп келип, мыкты чеберчиликте аткарды.

1972-жылы тартылган “Мен— Тянь-Шан” тасмасы менен азыркы “Делбиримдин” канчалык айырмасы бар? Чыгарманын мазмуну сакталабы?

—Чыгарманын мазмуну ошол бойдон калат, бирок кино бүгүнкү заманда болуп жаткандай сүрөттөлөт. “Мен Тянь-Шан” тасмасын режиссер Ирина Поплавская тарткан. Сценарийин Чыңгыз Айтматов өзү жазган. Тасмада кыргыздын кыйын актерлору Дүйшөн Байдөбөтов, Динара Чочунбаева, Назира Мамбетова, Сүймөнкул Чокморов, Советбек Жумадылов, Акылбек Абдыкалыков, Тургун Бердалиев, Алиман Жангорозова сыяктуу кыргыз искусствосунун корифейлери роль жаратышкан. Биз ошол тасманын элге сиңип калган өзөгүн калтырып, жаңы нукта, азыркы заманга ылайыкташтырып тарттык.

—Өзбекстанда бет ачары болду, көрүүчүлөр кандай кабыл алышты?

—Премьера Ташкентте болду. Ага Өзбекстандын интеллигенция өкүлдөрү жана бир топ кино жаратмандары келишти. Кино үч-төрт залда коюлуп, жалпысынан 4500 адам катышты. Өзбек эли маданиятты жогору баалаган эл экен, премьера бүткөндө бизге алкыш айтып,  урмат-сый менен узатышты. Бул Кыргызстан менен Өзбекстандын бирге жасап жаткан алгачкы эмгеги болгондуктан, биздин коом да жылуу кабыл алат деп ишенем. Буюрса, жакынкы арада, 6-декабрдан тартып Бишкекте жана Оштогу бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт. Баарыңыздар келип күбө болуңуздар, сын-пикирлер менен бөлүшүңүздөр.

“Айтматовдун арбагы колдодубу айтор, тоскоолдуктарга учураган жокпуз“

"Делбирим"--заманга ылайыкташкан көркөм тасма

«Делбирим» тасмасынын режиссеру Сарвар Каримов

—Ташкентте кинонун бет ачары мыкты деңгээлде өттү. Коомчулук, маданият ишмерлери тарабынан жакшы кабыл алынып, эки элдин маданиятын, достугун бекемдеген кадам деп баса белгиленди. Искусство эки элди жакындатканын көрүп кубанбай койбойсуң. Келечекте бул тасма менен токтолбой, башка да биргелешкен долбоорлордо иш алып барабыз деп үмүтүм чоң. Кино тартуу учурунда Ч.Айтматовдун арбагы колдодубу билбейм, кандайдыр бир тоскоолдуктарга учураган жокпуз. Баарыбыз аракет кылып, ынтымактуу иштедик. Бардык кесиптештерге ыраазымын. Кинонун келечеги кең болсун.

Элвира Какиева    

"Делбирим"--заманга ылайыкташкан көркөм тасма

Сүрөттөрү «Делбирим» фильминен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты