Экс-депутаттын кызы айып менен кутулмай болду

Экс-депутаттын кызы айып менен кутулмай болду

Сүрөттө: Н. Балтабаева кырсык болгон учурда.

Жол коопсуздугун көзөмөлдөөчү инспекторго токтобой, аны машина менен  коюп кетмекчи болгон Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ташболот Балтабаевдин кызы Назгүл Балтабаевага Ленин райондук соту өкүм чыгарды.   

 2018-жылдын 31-майында  Lexus 570 машинасы менен Бөкөнбаев көчөсүндө бараткан экс депутат Ташболот Балтабаевдин кызы жол коопсуздугу кызматкери анын машинасын тоскондо токтобой, инспекторду коюп кете турган болгон.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө  Назгүл Балтабаеваны алып барганда, инспекторду коюп кете жаздаган  факты катталган.

Ал эми Н. Балтабаева өзүн инспекторду коюп кете жаздаган деп күнөөлөө туура эмес экенин, инспектордун “досу” анын кош бойлуу курбусун чаап жиберип, машинанын  капотуна өзү отуруп алган деп айтууда.

Ленин райондук соту Н. Балтабаеваны бийлик өкүлүннө жеңил күч колдонгон деп айыптап, 20 миң сом айып пул төлөтүүгө чечим чыгарды.

Тараптар соттун чечимине доосун жазууда. Соттун чечими азырынча иш жүзүнө аша элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты