Белорустардын чарбачылыгы кандай?

Белорустардын чарбачылыгы кандай?

Белоруссиянын Дзержинский агрокомбинатында. Сүрөт: Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Беларуссияда «Дзержинский» агрардык өнөр жай холдингине барды.

Дзержин районунун эң ири ишканасынын өндүрүшү аянты  18 миң га айыл чарба жерлери, анын ичинде 13,6 миң га айдоо жери.

Холдингдин ишмердиги: куш чарбасы, бодо малды өстүрүү, багбанчылык, көлмө балыктарын өстүрүү, кошмо тоют, премикс жана белоктук-витаминдик кошумчаларды чыгаруу болуп саналат.

Холдингдин 30дан ашуун фирмалык дүкөндөрү жана соода түйүнү  бар.

Аталган агрардык комбинат Беларуссияда өндүрүлгөн канаттуулар продукцияларынын 20% өндүрөт. Инкубаторлордун өндүрүштүк кубаттуулугу —  жылына 56 миллион жумуртка. Уй – 5000 башка жакын. Эгиндин жана жүгөрүнүн дүң жыйымы  – 49 миң тонна, түшүмү гектарына 68,1ц.  Ишкананын автотракторк паркында заманбап 350   техника бар.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты