Прокурордун өлүмүнө шектүү менен Акыйкатчы кызматы жолугушту

 

Прокурордун өлүмүнө шектүү менен Акыйкатчы кызматы жолугушту

Сүрөт:тө: прокурордун өлүмүнө шектүү. Сүрөт Акыйкатчынын басма сөз кызматыныкы.

Аыйкатчы институтунун кызматкерлери Ош шаарындагы 5-тергөө абагында жаткан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип жаткан Мелис Калыков менен жолугушту.

ЖМКларда М. Калыков милиция тарабынан кыйноого алынды, биринчи сурак жактоочунун катыщуусуз өттү деген маалыматтардан улам  шектүү менен жолугушту.

Шектүүнүн жактоочулары Э. Карабаев жана И. Эшматов болуп, шектүү М. Калыков милиция кызматкерлеринин мурунку аракеттери адвокаттарынын катышуусуз болгонун айткан. Андан тышкары аны кыйноого алган милиция жана прокуратура кызматкерлерине чара колдонууну суранган.

Акыйкатчы институту билдиргендей, бирок М. Калыков кыйноолорду аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Белгилей кетсек, 23-ноябрда кыйноолорду алдын- алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов, алар тергөө абагына барганда Калыков милиция жана прокуратура кызматкерлери тарабынан ур-токмок жегенин айтып, арыз жазганын билдирген.

Баткендин облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду 18-ноябрга караган түнү өлтүрүп кетишкен. Бул окуя боюнча Баткен шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармасынын кызматкери Мелис Калыков шектүү катары кармалган жана камакка алынган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты