Минскиде Айтматов атындагы парк ачылды

 

Минскиде Айтматов атындагы парк ачылды

Белоруссиядагы Айтматов атындагы паркта ачылган эстелик белги.

Минск шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы парктагы эстелик белгинин ачылыш салтанаты болду.

Иш-чарага Беларуссиянын өкмөт башчысы Сергей Румас, Кыргызстандан  Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген расмий делегация  жана шаар тургундары катышты.

Сергей Румас Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин улуу уулу, ал глобалдык масштабдагы инсан болгонун, бул парк биздин мамлекеттер ортосундагы бекем достуктун символу болорун  белгиледи.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Чыңгыз Айтматовдун наамын баатыр-шаар Минскинин борборундагы көркөмдүү паркка ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты