Кара-Сууда окуучу балдар мушташты

Кара-Сууда окуучу балдар мушташты

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районунда окуучу балдар мушташып, 31 бала суралды, бирөө жарат алып, ооруканага түштү.  Бул малыматты Ош облустук ИИБ тастыктады.

21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү, саат болжолдуу  23:30 да райондук милицияга балдардын мушташы тууралуу кабар түшкөн. Милиция баргыча, мушташкан балдар качып кетишкен. Мушташка катышкан балдардын бири Н. уулу К. ооруканага түшкөн. Ал кандайдыр катуу нерседен жаракат алганы аныкталган.

Иликтөөдө милиция 31 баланы суракка алган. Алар— 10-11-класстын окуучулары, Жоош жана Сарай айыл өкмөтүнөн болуп чыккан.

Балдарга эскертүү берилди жана бул окуя боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты