Чөнтөк телефон коопсуздугунун 4 эрежеси

Чөнтөк телефон коопсуздугунун 4 эрежеси

Иллюстрацияялык сүрөт.

Тоң районунда мектеп окуучусунун телефону жарылып, денесинин 30 пайызы күйүп, ооруканага тушкөндүгү кабарланды. Ошондон улам чөнтөк телефонду пайдаланууда коопсуздук эрежелерин унутпайлы.   

  1. Телефонду түнү бою электр менен кубаттандырууга сайып койбош керек.

Көпчүлүк чөнтөк телефондо литий-ион булагы пайдаланылган.

Сүйлөшүп жаткан учурда да зарядга койгондо, аккумулятордун батареясы дүрт этип кетиши ыктымал.

Эгер чөнтөк телефондо мандем болсо, электр кубатына туташтырганда  корпусу ысып кетет. Телефондун батареясы оң болсо, анда корпус ысып кетпейт.

Телефон бир калыпта электр кубатын алып турса, анда эч нерсе болбойт. Ал эми тез заряддалып кирсе, анын ысыгынан от алып кетиши ыктымал.

Бүгүнкү телефон чыгаруучулар анын ысып кетишине каршы эч нерсе ойлоп таба элек.     Бир гана телефон трубкасында коопсуздук үчүн аккумуляторду автоматтык түрдө өчүрүп сала турган системасы бар.

  1. Чөнтөк телефонду улам-улам жерге түшүрүп алуу да коопсуздук эрежесине каршы келет.
  2. Чөнтөк телефонду машина айдап бараткан учурда колдонбоңуздар.
  3. Самолет ичинде да чөңтөк телефонду колдонууга тыюу салынат.

Самолет бийиктикке көтөрүлгөндө  чөнтөк телефон байланыштын жоктугуннан иштебей калат. Бирок телефонду издеген радио нурдануу самолеттун навигация комплексин иштеп чыгарып коюшу мүмкүн.

Жакын арада самолеттогу Aero-GSM борт системасы сынактан өтүп жаткандыгы кабарланууда. Анда спутник аркылуу жер менен байланышууга, 10 миң чакырымдан туруп байланышуу келечекте мумкүн.

 Булак:http://www.uslugy.ru кыскартуу менен берилди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты