Чөнтөк телефон жарылып, окуучу жабыркады
- 6 лет мурун
- Маек
Ысык-Көлдө окуучу бала чөнтөк телефондун жарылганынан жабыркады. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Ысык-Көлдө мектеп окуучусунун чөнтөк телефону жарылышынан жабыркаган. Окуучу бала 24-ноябрда саат 23.45 те Тоң райондук ооруканасына түшкөн. Чөнтөк телефондун жарылышынан дене-боюнун 30 пайызы күйүп калган.
Жабыркаган баланын көкүрөк тушу, ичи, жамбашы 1-2 даражадагы химиялык жана ысыктан чыккан күйүккө кабылган деген диагноз коюлганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Ооруканада жаткан окуучунун абалы туруктуу оор экени айтылды.
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!