13 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн

Талас облусунда тогузунчу класстын баласы 13 жаштагы кызга карата сексуалдык бузуку мамиле кылгандыгы боюнча сот процесси жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун сайтында жайгашкан.

13 жашар кызга сексуалдык ыдык көрсөткөн

Окуянын чоо-жайы (аттары өзгөртүлдү)

Тергөөнүн маалыматына ылайык 28-майда  саат 13:30-15:00 чамасында, Азамат 13 жаштагы Нуржанды Бейшеке айылынан Кара-Буурага алып барган жолдогу каналга алып барган. Күч колдонбостон, ал кызга жыныстык органын карматкан. Ошондой эле ал манжаларын кыздын жыныстык органына киргизген.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Нуржандын денесинде жаратттар табылган эмес, бирок кыздык белгиси бузулган. Ал эми качан бузулганын аныктоо мүмкүн болгон эмес. Жыйынтыгында Азамат Нуржанга психологиялык жана физиологиялык зыян келтирди деп шектелген. Бирок, мамлекеттик айыптоочу мыйзам бузууларга шилтеме жасап, бул күнөлөөгө макул болгон эмес.

Ошентип берене “өспүрүм кызга ыплас мамиле” кылган дегенге өзгөртүлдү.

Соттук процесс учурунда Азамат облустук сотто эки тараптын макулдугу менен болгонун айткан. Ал буга чейин берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Ага ылайык кызды алдагандыгы айтылган болчу.

Күнөлөөчү тарап иштин беренесин “жашы он алтыга жете элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу жана башка сексуалдык иш-аракеттерди жасоо” деп өзгөрткөнгө аракет кылган, бирок шектүү 18 ге чыга электигин эске алып сот “ыплас мамиле” беренесин калтырган.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты