Кытайдан келген этникалык кыргыздар Жээнбековго кайрылды

Кытайдан келген этникалык кыргыздар Жээнбековго кайрылды

Алма-Атада өткөн кытайлык кыргыздардын пресс-конференциясынан. 23-ноябрь, 2018-ж.

Кытайдан келип Кыргызстанда туруктуу жашап калган кайрылмандар Президент Жээнбековдон жардам сурап кат жолдошту. Алар Кытайда Кытай кыргыздары башка мусулман калкы менен катар  “тарбия лагерлеринде” камалып жатканын айтып, жардам сурашты.

Ал эми Кытай бийлиги буга чейин тарбия лагерлери кесипти өздөштурүүгө көмөк берээрин айтып келсе, мусулман калкы андай лагерлерди түрмөгө окшоштуруп келишет.

Казакстан бийлиги Кытайдагы казак  жарандары боюнча маселеге көңул буруп, алардын бир катарын  бошотууга жетишүүдө.

Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешев да бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги, Президент көңүл бурушу керектигин билдирди.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты